Тажик жарандыгын алган этникалык кыргыздар Кыргызстанга кире албайт

Тажик жарандыгын алган этникалык кыргыздар Кыргызстанга кире албайт

Тажикстандан келген этникалык кыргыздар Кыргызстанга кире албайт. Бул тууралуу Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында депутат Нуржигит Кадырбеков билдирди.


Ал Тажикстандын жарандыгын алган этникалык кыргыздарга кирүүгө өзгөчө шарттарды киргизүүнү сунуштады.


«Бизде азыр Тажикстандын жарандары үчүн Кыргызстанга кирүүгө чектөөлөр бар. Ал эми этникалык кыргыздар үчүнчү өлкөлөр аркылуу келишет, бизге барууга тыюу салынган. Аларга өзгөчөлүк кылышыбыз керек», - деди эл өкүлү.