Түркиянын Ван аймагындагы Памирлик кыргыздар Кыргызстанга медициналык гумжардам жөнөтүштү

Түркиянын Ван аймагындагы Памирлик кыргыздар Кыргызстанга медициналык гумжардам жөнөтүштү

Бул тууралуу «Азаттыкка» Улуу Памир айыл башчысы Эйүпхан Кошар билдирди:

 

«Биз жалпысынан 11 миң доллар акча чогулттук. Ага 25 даана аппарат алдык. Ал бүгүн учак менен Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камил Фыратка жеткирилет. Алар болсо Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигине өткөрүп беришет».

 

14-июлда Түркиянын Ван аймагындагы Улуу Памир айылынын тургундары жана Түркиянын ири шаарларында жашаган вандык кыргыздар Кыргызстандагы коронавирус менен күрөшүү демилгесин колдоп, жардам берүү акциясын башташкан. Бул акцияны Улуу Памир айыл тургундары, мамлекеттик кызматта жана менчик ишканаларда иштеген вандык кыргыздар колдоп, акчалай жардам топтошкон.

 

Улуу Памир айылында 2 500гө жакын кыргыз жашайт. Алардын 350дөйү - мектеп окуучусу. Ал эми Стамбул, Анкара, Малатия жана Йозгат аймактарында беш миңден ашык вандык кыргыз бар.

 

Улуу Памир айылы Түркиянын чыгышында Иран менен чектешкен Ван дубанында жайгашкан. Жергиликтүү калк негизинен айыл чарбасы менен алектенет.

 

Кыргыздар Түркияга 1982-жылы Ооганстандан көчүп барышкан. Ал эми Улуу Памир айылы 1987-жылы түптөлгөн.