Түркияда памирлик кыргыз жоокери каза тапты

Түркияда памирлик кыргыз жоокери каза тапты

22 жаштагы вандык кыргыз жоокер Өмер Улутүрк 23-мартта Түркиянын Мардин аймагында жол кырсыгында каза тапты. Бул тууралуу "Азаттыкка" Түркиянын Ван аймагындагы Улуу Памирдин айыл башчысы Эйүпхан Кошар билдирди.

 

Өмер Улутүрк армияда жарым жылдан бери кызмат өтөп жүргөн.

 

Кыргыздар Түркиянын Ван аймагына 1986-жылы Ооганстандан көчүп келишкен. Улуу Памир айылында эки миңге жакын кыргыз жашайт. Ал эми Стамбул, Анкара, Малатия жана Йозгат аймактарында беш миңден ашык вандык кыргыз жашайт.

 

24-март, 2019