Түркия: Памир айылына жаңы 160 үй салынат

Түркия: Памир айылына жаңы 160 үй салынат

Бул тууралуу Ван аймагындагы Улуу Памирдин айыл башчысы Эйүпхан Кошар "Азаттыкка" билдирди.

 

- Өкмөткө эки жыл мурун турак жайларды жаңыртуу боюнча долбоор жазганбыз. Ошол долбоор аркылуу эми 160 түтүн үйдүн курулушу тууралуу чечим чыкты. Алгач айылдагы жаш үй-бүлөлөргө кезек берилет. Антпесе айылдагы үйлөргө батпай тар боло баштаган. Төрт жыл акча төлөнбөйт, бирок кийин келишим боюнча турак жайдын наркы канча болсо ошону 18 жылга бөлүп төлөп беришет. Бул өтө ыңгайлуу болот.

 

Бул турак жай боюнча мамлекеттик долбоор Түркиянын Экология жана шаарларды пландоо министрлиги тарабынан бекитилип, учурда үйгө муктаж айылдыктар кезекке туруп жатышат.

 

Түркиянын Ван аймагындагы Улуу Памир айылын 1986-жылы Ооганстандан келген кыргыздар үчүн түрк өкмөтү куруп берген. Айылда жалпысынан 2 миңге жакын этникалык кыргыз жашайт. Ал эми жалпысынан Түркияда беш миңден ашык этникалык кыргыз жашайт.