Сокулукта этникалык кыргыздарга КР жарандыгын берүү үчүн пункт ачылды

Сокулукта этникалык кыргыздарга КР жарандыгын берүү үчүн пункт ачылды

Тажикстан менен Өзбекстандын четки райондорунан келген этникалык кыргыздардын көбү Чүйдүн батыш бөлүгүндө жашагандыктан пункт Сокулук районунда уюштурулган.


Сокулук районунда этникалык кыргыздарга жарандыкты жеңилдетилген түрдө алуу үчүн документ жасаган жана аларды кабыл алган пункт ачылды. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.


Билдирмеге караганда, Тажикстан менен Өзбекстандын четки райондорунан келген этникалык кыргыздардын көбү Чүйдүн батыш бөлүгүндө жашайт. Мындан улам пункт Сокулук районунда ачылган.


"Аталган жай кыргыз жарандыгын ала элек тургундарды кабыл алып, аларга жарандыкты жеңилдетилген тартип менен алууга жардам берет", — деп айтылат маалыматта.


Пунктунун ачылыш аземине Санариптик өнүктүрүү министрлигинин, Жайыл, Москва, Сокулук жана Панфилов райондук администрациянын өкүлдөрү жана этникалык кыргыздар катышкан. Иш-чарада этникалык кыргыздар бийлик өкүлдөрү менен жолугуп, документ толтуруу, жарандык алуу боюнча керектүү суроолоруна жооп алган.


Эске салсак, президент Садыр Жапаров "Этностук кыргыздардын жана кыргыз улутундагы жарандыгы жок адамдардын КР жарандыгын алуусунун жөнөкөйлөштүрүлгөн тартиби жөнүндө убактылуу жобо тууралуу" жарлыкка кол койгон. Убактылуу жобонун колдонуу мөөнөтү 2022-жылдын 31-декабрына чейин деп белгиленген.


Мындан улам 2021-жылдын июль айынан тарта этникалык кыргыздар жарандыкты жеңилдетилген түрдө алуу үчүн документтерин июлдан баштап тапшыруу укугуна ээ болушкан.