САРЫ-КОЛ: Мугалимдер арасындагы волейбол таймашынын жыйынтыгы (сүрөт)

САРЫ-КОЛ: Мугалимдер арасындагы волейбол таймашынын жыйынтыгы (сүрөт)

Жаштар күнүнө карата 2021 жылдын 22-23-май күндөрү Баш-Гүмбөз айлында адатка айланган мугалимдердин арасындагы волейбол боюнча таймашы болуп өттү. Спорттук иш чарага райондун мектептеринен 10 команда катышты.

 

Эки күндүк оюндун жыйынтыгында биринчи орунга Гожо Бердибаев жамаатынын №5 Салайдин Конокбаев атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин мугалимдери ээ болушту.

Экинчи орунга Аличор жамаатынын №6 Орозо Исманов атындагы жалпы орто билим берүү мектеби ээ болду.

Үчүнчү орунду Мургаб жамаатынан №1 А. Ахмедшарипов атындагы жалпы орто билим берүү мектеби алышты.

 

Райондук билим берүү бөлүмү уюштурган иш чаранын бешинчи айлампасы өттү. Биринчи Мургабта, андан соң Көөнө-Коргон, Токтомуш жана Кара-Көл айылдары өткөргөн болчу. Эмки спорттук иш чара Шаймактын №11 мектебинде өтмөй болду.

 

№5 мектебинин жалпы мугалимдерин багынткан ийгиликтери менен куттуктайбыз !