Самат Токтоболотов: «Кайрылман макамын алуу жөнөкөйлөтүлбөйт»

Самат Токтоболотов: «Кайрылман макамын алуу жөнөкөйлөтүлбөйт»

Этникалык кыргыздардын документ маселесин чечүүдө Мигарция кызматы менен Каттоо кызматы жаңы жоболордун үстүндө иш алып барууда. Бул тууралуу Миграция кызматынын төрагасынын орун басары Самат Токтоболотов билдирди.

 

Анын айтымында, алгач мунапыс жарыяланат. Ага удаа эле кайрылман, этникалык кыргыздарга каралган жоболорду жеңилдетүү жагдайы иштелип чыгат. Буга бир айдай убакыт керектелет.

 

Кайрылман макамын алуу үчүн төрт документ талап кылынат: паспорту, туулгандыгы тууралуу күбөлүгү, жашаган жери боюнча маалымкат, сүрөтү.

 

«Аталган документтерди да алып келе албай жатышат. Бирок кайрылман макамын алууну жөнөкөйлөтүү кадамына бара албайбыз. Этникалык кыргыздар — чет элдик жаран. Алардын укугу Кыргызстандын жарандарынын укугунан бийик болушу мүмкүн эмес», — дейт Токтоболотов.