Үсөнбаев: Баарына бирдей жардам берилет

Үсөнбаев: Баарына бирдей жардам берилет

Кыргызстандагы бардык жарандар менен катар жарандыгы жок адамдар да, этникалык кыргыздар да — баары бирдей медициналык жардам алууга укуктуу. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

 

«Биздин өлкөбүзгө келгенден кийин жалпы элибизге кандай жардам көрсөтүлсө, жарандыгы жок адамдарга, этникалык кыргыздарга, мигранттарга, качкындарга, чет өлкөлүк жарандарга да ошондой эле жардам берилет. Баарына бирдей мамиле жасайбыз. Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан уюштурулган «103», «118» бирдиктүү колл-борборлору иштеп жатат. Медициналык кеңешке муктаж адамдардын баары аталган кыска номурларга чалып, тишелүү медициналык жардам ала алышат. Мындан сырткары тышта жүргөн мигранттар жана алардын үй-бүлөсүнө медициналык жардам менен камсыз болуп жатабы, бул маселелер боюнча дайыма маалымат алып, жөнгө салып турабыз», — дейт Үсөнбаев.

 

«118» ыкчам байланыш кызматынын башкы милдети – калкка өз убагында жана квалификацияланган медициналык кеп-кеңештерди берүү аркылуу COVID-19дун алдын алуу, колдон келишинче оорунун санын азайтууга көмөк көрсөтүү болуп саналат.