Руслан Казакбаев Афганистандын элчиси менен Памирдеги кыргыздардын жашоо шартын жакшыртуу тууралуу баарлашты

Руслан Казакбаев Афганистандын элчиси менен Памирдеги кыргыздардын жашоо шартын жакшыртуу тууралуу баарлашты

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Афганистандын Кыргызстандагы элчиси Бисмеллах Вазирини кабыл алып, бир катар маселелерди талкуулады. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматы кабарлады.

 

Жолугушууда тараптар кыргыз-афган мамилелерин өнүктүрүү боюнча актуалдуу маселелерди, анын ичинде соода-экономикалык, маданий-гуманитардык, ошондой эле диний экстремизм менен эл аралык терроризмге каршы биргелешип күрөшүү жаатында эки тараптуу кызматташуунун деңгээлин жогорулатуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу сүйлөштү.

 

Министр Казакбаев Улуу жана Кичи Памирдеги этникалык кыргыздардын абалын жакшыртууга багытталган чараларды афган тарабы менен биргеликте кабыл алуунун зарылдыгын белгиледи. Афганистанда этникалык кыргыздар топтолуп жашаган жерлерде инфратүзүмдүк жана социалдык долбоорлорду ишке ашыруу, мектептерди, ооруканаларды жана жолдорду куруу зарылдыгына өзгөчө көңүл бурушту.

 

"Казакбаев акыркы саясий окуялардын жүрүшүндө Кыргызстанга көрсөтүлгөн колдоо үчүн афган тарабына ыраазычылык билдирүү менен акыркы он жылдыктарда Афганистандын өкмөтү жетишкен демократиялык өзгөрүүлөрдү, эң оболу Афганистан Ислам Республикасынын тынчтыкка тез жетүү ниетин ар дайым колдой тургандыгын белгиледи. Учурдан пайдаланып жаңы шайланган президенттин инаугурация аземине чакырды", — деп айтылат маалыматта.

 

Мындан тышкары, министр Афганистан президенти Ашраф Ганинин Кыргызстанга расмий сапарын уюштурууну сунуштап, сапардын жыйынтыгы кыргыз-афган кызматташтыгын бардык багыттар боюнча илгерилетүүгө шарт түзөрүн белгиледи.

 

Элчи Бисмеллах Вазири өз кезегинде өкүлчүлүк кыргыз-афган мамилесинин деңгээлин жогорулатууга өбөлгө түзүүчү иш-чараларды ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн бардык күч-аракетин жумшай тургандыгын билдирди.

 

Жолугушуунун аягында министр элчиге ийгиликтерди каалап, өз ара пайдалуу кызматташтыктын уланышына үмүт артты.