Россия Тажикстандын талабы менен кармалган Кыргызстандын жаранын бошотту

Россия Тажикстандын талабы менен кармалган Кыргызстандын жаранын бошотту

И.А. аттуу этникалык кыргыз КРде 10 жылдай жашап, быйыл Россияга иш издеп кеткен.


Россия Тажикстандын өтүнүчү менен кармалып камакта отурган кыргыз жаранын эркиндикке чыгарды. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан кабарлашты.


Билдирмеге караганда, И.А. аттуу этникалык кыргыз Тажикстандын Тоолуу Бадахшан облусунун Мургаб айылында туулган.


"2013-жылы ал Тажикстандан Кыргызстанга келип жарандык алган. 10 жылдан бери КРде жашап, быйыл иштеп келүү үчүн Россияга кеткен. Тажикстандын укук коргоо органдары тарабынан эл аралык издөөдө жүргөндүктөн чек арадан кармалган", — деп жазылат кабарда.


Маалым болгондой, 2013-жылы кармалган жаранга карата Тажикстанда "Бөлүмдү жана кызмат ордун уруксатсыз таштап кетүү" беренеси боюнча иш козголгон. Ал 2010-жылдан 2013-жылга чейин Тажикстандын аскердик бөлүмүндө келишимдик негизде кызмат өтөгөн.


Анын укугун коргоо боюнча этникалык кыргыздар коомчулугу КР акыйкатчысына кайрылып, иш көзөмөлгө алынганы айтылды.


"Акыйкатчы Кыргызстандын тиешелүү мамлекеттик органдарына кыргыз жаранын Россиядан Тажикстанга экстрадициялоого жол бербөө өтүнүчү менен кайрылган. Акыйкатчы институту жана ТИМдин биргелешкен ишинин натыйжасында Кыргызстан жаранынын укугу корголуп, Россия аны Тажикстанга экстрадициялоодон баш тартты", — деп айтылат маалыматта.


Россиянын прокуратурасы кылмыштын эскирүү мөөнөтү бүткөнүн айтып, кыргыз жараны эркиндикке чыкканы кошумчаланды.