Рашид Турсунбаев оор салмактагы самбо боюнча Россия чемпиондугунда жеңишке ээ болду

Твериспорт порталы берген маалыматына ылайык үстүбүздөгү жылдын 16-19 сентябрь күндөрү Нижний Новгород облусунун Кстово шаарында 16-18 жаштар арасындагы самбо боюнча Россиянын чемпионаты жыйынтыкталды. Эки күн бою 28 региондон келген 150 самбист эл аралык олимпиадалык спорт академиясында сегиз салмак категориясында сыйлыктар үчүн ат салышты.


Тверь облусунун өкүлдөрүнүн ичинен Сары-Кол өрөөнүнүн кулуну Рашид Турсунбаев эң чоң ийгиликке жетишкен.


Твердеги "Челленджер" клубунун машыктыруучусу Алексей Матюшенскийдин тарбиялануучусу Рашид Турсунбаев эң чоң ийгиликке жетишип оор салмакта (98 кг жогору) күч сынашып, коло медалга ээ болду.

 

rashid-tursunbaev-oor-salmaktagy-sambo 1
rashid-tursunbaev-oor-salmaktagy-sambo 2 rashid-tursunbaev-oor-salmaktagy-sambo 3