Памирлик кыргыздарга курула турган үйлөрдүн долбоору

Памирлик кыргыздарга курула турган үйлөрдүн долбоору

Улуу жана Кичи Памирден Кыргызстанга келип, балдарын окутуп жатышкан этникалык кыргыздар үчүн турак жай куруу аракети көрүлүп жатат. Ош облусундагы Алай районунун Талды-Суу айыл өкмөтүндөгү Талды-Суу айылында 2020-жылы памирлик кыргыздар үчүн 7 үй курула турганын айыл өкмөттүн башчысы Даанышбек Кеңешов билдирген.

 

Анын маалыматы боюнча, 1 гектар 20 сотых жер бөлүндү.

 

«7 үй курууга мамлекеттен 10 млн сом каралган (2019-жылы). Үйлөрдүн долбоору даяр. Учурда үй куруучу компанияларга тендер жарыялаганбыз. Компаниялар катталып жатышат. Ар бир үй 4 бөлмөлүү болуп, узундугу 11 метр жана туурасы 9,60 метрди түзөт. Буюрса 2020-жылдын апрель айынан тарта курулуш иштери башталат», - деди Д.Кеңешов.

 

Үйлөрдүн долбоору

 

pamirlik-kyrgyzdarga-kurula-turgan-il-rd-n-dolbooru 2 pamirlik-kyrgyzdarga-kurula-turgan-il-rd-n-dolbooru 3
pamirlik-kyrgyzdarga-kurula-turgan-il-rd-n-dolbooru 4 pamirlik-kyrgyzdarga-kurula-turgan-il-rd-n-dolbooru 5 pamirlik-kyrgyzdarga-kurula-turgan-il-rd-n-dolbooru 6

 

Жогорку Кеңештин 28-ноябрдагы жыйынында вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова памирлик этникалык кыргыздарга үй куруу үчүн 2020-жылдагы бюджеттин долбоорунда 17 млн сом каралганын айткан болчу.