Памирлик кыргыздар үчүн 60 ID-карт даярдалды (видео)

Памирлик кыргыздар үчүн 60 ID-карт даярдалды (видео)

Мамлекеттик каттоо кызматы Кыргызстандын жарандыгын алган адамдар үчүн 60 ID-карт чыгарды. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүн Чүй облусунун Жайыл районунда Кыргызстандын 12 жараны КРнын жаранынын өздүгүн тастыктаган биринчи документин алышты. Алар Ооганстандын Памиринен келишкен этникалык кыргыздар.

Кыргызстандын жарандыгын алып жаткандар үчүн ID-картты салтанаттуу тапшыруу өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү Э.Тентишев жана райондун акими Т.Ногоевдин катышуусунда Жайыл районундук мамлекеттик администрациясында өттү.

Ошондой эле, Нарын облусунда 4 памир кыргыздары КРнын ID-карт документин алышты.

Калган 44 кыргызстандык документтерин жакын арада өкмөттүн социалдык жана экономикалык туруктуулукту камсыз кылуу боюнча приоритеттүү чаралар планын ишке ашыруунун алкагында алышат.

Президент Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык, 111 адам: 60 чоң киши жана 51 бала Кыргызстандын жарандыгын алды.

Алардын баары Ооганстандан жана Кытайдан келген этникалык кыргыздар.