Памирде сасык тумоо күч алып, кыргыздар жардамга муктаж

Памирде сасык тумоо күч алып, кыргыздар жардамга муктаж

Эки миңге жакын кыргыз жашаган Ооганстандагы Памир өрөөнүндө сасык тумоонун оор түрү күч алып, жыйырмадан ашуун киши каза болду. Бул тууралуу аталган аймактан Кыргызстанга келип отурукташкан Абдулвакил Турдакун уулу «Азаттыкка» берген маегинде айтты.


Турдакун уулу Памирдеги кыргыздардын аксакалы, өкүлдөрү менен телефондо сүйлөшкөнүн, өтүнүчүн, суранычын жеткирип жатканын белгиледи.


«Ооганстанда бийлик алмашкандан бери Памирдеги эл экономикалык-финансылык жактан кыйналып жаткан. Эми ал аз келгенсип оору жүрүп жатыптыр. Кыргызстанда жүрүп жаткан "чочко тумоосу" сыяктуу оору ошол жакта да болуп жатат. Акыркы 15 күн аралыгында жыйырмадан ашуун киши кайтыш болуп кетиптир. Абал өтө оор», — дейт ал.


Аны менен катар, Кичи Памир менен байланышпаганын, андагы каза болгондордун так санын билбей турганын кошумчалаган. Анын айтымында, набыт болгондордун арасында жаш балдар да бар.


Ошондой эле, Турдакун уулу илдет жайылган аймакка Ооганстандын бийлигинен азырынча жардам болбогонун айтып, көпчүлүк тамак-аш эмес, дары-дармекке муктаж экенин баса белгиледи.


«Памирликтердин кыргыз мамлекетинен, кыргыз бийлигинен биринчи өтүнүчү – аларды Кыргызстанга көчүрүп алуу. Экинчиден, жакын арада медициналык жактан жардам берсе деген сураныч бар», — дейт ал.


Памирлик кыргыздар


Учурдагы памир кыргыздары — 1575-1930-жылдар аралыгында Ооганстанга туруктуу жашоого кеткен кыргыздардын тукуму. Алар катаал, билим алуу менен ден соолукту чыңдоого шарттары жок Чоң жана Кичи памир тоолорунда жашашат.


Бийлик 2017-жылдын аягында Ооганстандан Нарын облусуна 33 памирлик кыргызды алып келген. Аларга билим берүү, дарылануу убада кылынып, алтургай бир үй-бүлөгө турак-жай берилген.


Арадан жарым жыл өткөн соң жыйырмадай этникалык кыргыз Ооганстанга каникулга кетип, кайра Кыргызстанга кайтып келишкен эмес. Алар кайтып келбегендигин Кыргызстандагы начар жашоо шарты жана жаңы элге сиңишип кете албагандыктары менен түшүндүрүшкөн.


Ал эми кийинчерээк Нарынга дагы бир-нече үй-бүлө өз алдынча көчүп келген.


Кийинчерек 2019-жылдын декабрь айында Алай районунун Сары-Могол айылына Ооганстандан он бир үй-бүлө көчүп келген. Алар эски мектептин имаратына жайгаштырылган.


2020-жылдын октябрында Нарында жана Кара-Балтада жашаган памирлик кыргыздар Алай районунун Талды-Суу айылына көчүп келишкен. Ал жакка жалпы 11 үй курулуп, алардын сегизи Нарындан келген 34 кишиге арналган.