Памир кыргыздарына гуманитардык жардам жөнөтүлдү

Памир кыргыздарына гуманитардык жардам жөнөтүлдү

Белгилей кетсек, памирлик кыргыздар климаттык шарты татаал бийик тоолуу аймакта жашашат. Бул жерге кыш эрте түшөт.


Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Улуу жана Кичи Памирде (Афганистан) жашаган этникалык кыргыздарга гуманитардык жардам жөнөтүлдү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.


Билдирмеге караганда, Памир кыргыздарына негизинен азык-түлүк жөнөтүлгөн.


"Кандаштарга 55 тонна ун, 14 тонна күрүч, 7 тонна макарон, 4 000 литр өсүмдүк майы, 5 тонна туз, 10 тонна кумшекер сатып алынган. Азык-түлүк кышкыга жетет", — деп жазылат маалыматта.


Гуманитардык жардам ушу тапта жолдо экени кошумчаланды.


Белгилей кетсек, памирлик кыргыздар климаттык шарты татаал бийик тоолуу аймакта жашашат. Бул жерге кыш эрте түшөт.