Ош шаарына өзгөчө абал кирген күнү 30дан ашуун тажикстандык жаран мекенине кайткан

Ош шаарына өзгөчө абал кирген күнү 30дан ашуун тажикстандык жаран мекенине кайткан

Кечээ, 2-апрелде Ош шаары жана Ноокат, Кара-Суу райондорунун коменданты Малик Нурдинов түз эфирде тургундардын суроолоруна жооп берген. Анын жүрүшүндө чек арадан өтө албай, Ош облусунда калган чет өлкөлүк жарандар тууралуу суроо берилди.

 

Суроо: - Алай району менен чектешкен Тажикстандын Мургаб районунан Ош облусуна келип, бирок өзгөчө абал режими киргизилгенине байланыштуу кайра мекенине кайта албай калган чет өлкөлүк жарандар бар. Алардын арасынан зарыл жумушу барларды Алай районундагы «Бор-Дөбө» көзөмөл-өткөрүү пунктунан мекенине өткөрүүгө болобу?

 

Комендант Малик Нурдинов: - 3-4 күн мурда мындай маселе туулган. Кыргызстандын аймагында мигрант болуп иштеп жүргөн Тажикстан Республикасынын жарандары чогулуп, аларды Тышкы иштер министрлигинин кызматкерлери кабыл алышты. Аларды 1 күндө тоскоолдуксуз өткөрүүнү карадык. Азыр алардын так санын билбейм. 1-2 жаран болсо изоляцияда кармап тургула деп айтышат. Ал эми көп болуп, шарт жок болсо, биз Тышкы иштер министрлигине кайрылып, жардам сурайбыз. Маалымат борборунан толук маалымат берилсе жакшы болмок.

 

Ал эми Ош шаары жана Ноокат, Кара-Суу райондору боюнча комендатуранын маалымат борборунун жетекчиси Жеңиш Аширбаев өзгөчө абал киргизилген күнү 30дан ашуун чет өлкөлүк жаран чек арада болгону үчүн мекенине өткөрүлгөнүн билдирди. Анын айтымында, учурда чек аранын жанында топтолгон жарандар жок.

 

«Өзгөчө кырдаал кирген учурда чет өлкөнүн жарандары чек арадан өтүп кетүү үчүн Алай районундагы өткөрмө бекетине барышкан. Өзгөчө абал кирген күнү чек арада болгону үчүн Тажикстанга өткөрүлгөн. Азыр чек арадан өтүүнү каалаган жарандардан кайрылуулар келип жатат. Бирок чек арада күтүп турган жарандар жок», - деди Ж.Аширбаев.

 

Өзгөчө абал режими Ош облусунун Ош шаары жана Кара-Суу, Ноокат райондоруна киргизилген.