ОШ: Сары-Кол кыргыздары “Куттуу эл” биринчи улуттук форумунда (видео/сүрөт)

ОШ: Сары-Кол кыргыздары “Куттуу эл” биринчи улуттук форумунда (видео/сүрөт)

19-20 майда Ош шаарында «Куттуу эл» деп аталган форум болуп өттү. Уюштуруучулардын айтымында, форум мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетовдун демилгеси боюнча Ош шаардык мэриясынын колдоосу менен өткөрүлгөн. Форумга белгилүү окумуштуулар, саясатчылар, ишкерлер, активдүү жаштар жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышышты.


Бүгүнкү иш-чарага Мургаб районунан келген жердештерибиз алыскы Ооган Памириден келген боордоштор менен бирге катышышып өз салымдарын кошушту. Форум эки күнгө созулуп Алымбек-Датка этнографиялык комлексинде бир катар көргөзмө-жарманкелер уюштурулуп, улуттук баалуулуктар даңазаланды.