Ош бийлиги Тажикстандагы 14 кыргыз мектепке 3 миң даана кыргыз тилиндеги окуу куралдарын берет

Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сооронбай Жээнбековдун демилгеси менен Тажикстандын Мургап районундагы 14 кыргыз мектептерине 1-класстан 4-класска чейинки жалпы 3000 даана кыргыз тилиндеги окуу куралдары берилет.

 

Өкмөттүн Ош облусу боюнча өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы маалымдагандай, окуу куралдары Тажикстандагы Мургап районунун 80 жылдык мааракесине арналып тапшырылат. Окуу куралдарынын жалпы суммасы 640 миң сомду түзөт.

 

Этникалык кыргыздар жашаган Мургап районунун 80 жылдык маракеси 2012-жылдын 9-сентябрында болуп өткөн. Бирок Тажикстандын Харок аймагындагы болгон окуяларга байланыштуу Ош облусунун өкүлдөрү катыша албай калган.