Ооганстан Памир кыргыздары Кабул шаарынан кыргыз бийлигине кайрылды

Ооганстан Памир кыргыздары Кабул шаарынан кыргыз бийлигине кайрылды

Ооганстандык кыргыздар Кыргызстандын өкмөтүнө кайрылып, билим берүү, саламаттык сактоо өңдүү социалдык маселелерди чечүүгө жардам берүүнү суранышты. Бул тууралуу Кыргызстандын Ооганстандагы элчилигинен кабарлашты.

 

Кабул шаарына барган памирлик кыргыздардын ханы Махмуд Ажы Памири билдиргендей, балдарды окутуу, оорукана салуу – элдин көпчүлүгүнүн көксөгөн максаты. Анын айтымында, 2020-жылдын соңунда памирлик кыргыздардын өкүлдөрү ооган бийлигине да ушул маселеде кайрылышкан.

 

Жакында ооган өкмөтү Улуу жана Кичи Памирдеги кыргыздарга 10 млн. афгани өлчөмүндөгү тамак-аш азыктарын, кийим-кечеден турган гуманитардык жардам жөнөткөн. Бул – кыргыз сомуна эсептегенде 11 млн. сомго барабар.

 

Кыргызстан Ооганстандагы Улуу жана Кичи Памир кыргыздарына азык-түлүк, кийим-кече, дары-дармек буюмдарынан турган гуманитардык жардамдарды жыл сайын жеткирип турат.

 

Кыргыз элчиси Мирослав Ниязов президент Ашраф Гани менен жолугуп, бул маселеде баарлашкан. Ооган бийлиги этникалык кыргыздарга Тышкы иштер министрлигинен бир жана Улуттук Элдешүү Кеңешинен бир орун бөлүүгө убада берген.

 

Памирлик кыргыздарга Эл аралык Ага Хан фонду жыл сайын 50 миң доллар өлчөмүндөгү жардам берип келет.

 

Кыргыз өкмөтү 50дөй үй-бүлөнү алып келип, Ош жана Нарын облустарына жайгаштырган.