Нарында облус башчысын куттуктаган памирлик кыргыздар ага чепкен жабышты

Нарында облус башчысын куттуктаган памирлик кыргыздар ага чепкен жабышты

Кечээ, 10-октябрда өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов Нарын шаарында жашап жаткан памирлик кыргыздарды кабыл алып, ал-абалын сурады.

 

Өкүлдүн басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууда памирлик боордоштор бул жакка алып келип, балдарынын билим алуусуна шарт түзүп берген Кыргыз өкмөтүнө, кыргыз элине ыраазычылыгын билдиришти. Алардын бири Абдулбахит Нарынга келгендерине быйыл эки жылдын жүзү болорун айтты.

 

«Биздин Памирден келгенибизге толук эки жыл болду. Ушул эки жылдан бери жакшы карап, муздак сууга колубузду малдырбай, бала-бакырабызды үшүтпөй жакшы шарт түзүп бердиңиздер. Балдарыбыз жөлөк пул, карыларыбыз пенсия алып жатат. Кышында көмүрүбүздү түшүрүп, тамак-аш менен камсыздап, үйү жокторго батирдин, электр жарыгынын акчасын төлөп берип жатышат. Мага болсо үй алып беришкен. Балдарыбыз акысыз билим алып, ооруп калсак бекер дарыланып келебиз. Биз кыргыз мамлекетине, айрыкча Нарын облусунун жетекчилигине, эл-журтка терең ыраазыбыз», - деди Абдулбахит Жээнбек уулу.

 

narynda-oblus-bashchysyn-kuttuktagan-pamirlik-kyrgyzdar-aga-chepken 2 narynda-oblus-bashchysyn-kuttuktagan-pamirlik-kyrgyzdar-aga-chepken 3
narynda-oblus-bashchysyn-kuttuktagan-pamirlik-kyrgyzdar-aga-chepken 4 narynda-oblus-bashchysyn-kuttuktagan-pamirlik-kyrgyzdar-aga-chepken 5

 

Облус жетекчиси алардын кем-карчын сурап, жакында көмүр түшүрүлүп берилерин билдирди. Ошондой эле аракет кылып эмгектенүү, кандай жумуш болсо да тартынбай иштөө керектигин айтты. Памирлик боордоштор облус жетекчисин кызмат орду менен куттуктап, жакшы тилектерин жолдоп чепкен жабышты. Эмилбек Алымкулов өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин буйругунун негизинде Нарын шаарынын мэри кызматынан бошотулуп, өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган.

 

Бүгүнкү күндө Нарын облусунда Памир жергесинен келген 50 этникалык кыргыз бар. Алардын ичинен 1 үй-бүлөдөгү 6 адам Ат-Башы районунда, калган 11 үй-бүлөдөгү 44 адам Нарын шаарында жашайт. 21 балага мамлекеттик жөлөк пул, 1 адамга карылыгы боюнча пенсия чектелип берилген. Ал эми 2 жаран майыптуулугу боюнча социалдык жөлөк пул алышат. Памирлик кыргыздар облуста болгон бардык социалдык, маданий иш-чараларга сыйлуу мейман катары чакырылып, активдүү катышып турушат.

 

Былтыр жайында Нарын облусундагы айрым, тактап айтканда 18 памирлик кыргыз Ооганстанга сапар алышкан.