Мекенди коргоо - ыйык милдет

Мекенди коргоо - ыйык милдет

29-сентябрь күнү Мургаб жамаатында борбордук аянтча ыр-күү жаңырып, жаштардын бийлери менен коштолуп өткөрүлүп жаткан бул иш чара-аскерге чакырылган эр жигиттерди аскер бөлүктөрүнө узатуу аземи болду. Районубуздун жамаатарынан Мекенди коргоого биринчи тайпада жыйырма жигит жөнөп жатышты.

 

“Мургаб районунда 2019-жылдын аскерге чакыруунун күзгү иш чарасынын башталышы бир топ кубанарлык,- деп билдирди Мургаб районунун төрагасы Мурзабай Жоошбаев. Анткени, мына бүгүнкү күнү биринчи эле чакырууда жыйырма аскерге чакырылуучу жаштарыбыз жөнөп калды. Жаштардын арасында өз ыктыяры менен аскердик милдетин өтөөгө аттангандардын саны жылдан жылга өсүүдө. Өзгөчө белгилей кетүүчү жагдай-. мекенди коргоого аттанган жигиттер аскердик билет менен кошо айдоо күбөлүгүн алышат. Мекенин коргоого, жөнөгөн эр жигиттерибиз тынч-аман барып жигиттик парздарын аткарып келишин тилейбиз”.

 

Мургаб районунун төрагасынын бул сөзүнөн улам Мургаб районунун төрагасынын биринчи орун басары Исрор Исроров аскерге жөнөшкөн ыктыярдуу бул жигиттердин аттарын бирден атап, аларга ийгилик каалады жана аларды тарбиялап өстүргөн ата-энелерине, калкыбызга терең ыраазычылык билдирди.

 

Андан соң сөзгө райондук аскер комиссариатынын башчысы Рахимов Саттор, райондун имам хатиби Якубов Якуб жана ата-энелер сөзгө чыгышып, аскерге жөнөгөн балдарга өз мекендерин коргоо милдеттерин аткарып кайра өз жерине, үй бүлөөсүнө тынч аман келишерин тилеп баталарын беришти.

 

Мекенин коргоо, аскердик милдетин аткаруу ар бир эр жигиттин ыйык милдети. Аскердик кызмат-милдеттерин өтөөгө аттанган районубуздун бардык эр жигиттерине ак жол каалайбыз, максат-тилектери ишке ашсын!

 

“Сарыкол”-пресс

www.sary-kol.ru