Мадиян өрөнүндөгү ишембилик

Мадиян өрөнүндөгү ишембилик

Ушул жылдын апрель айында Гожо Бердибаев жамаатына караштуу Мадиян участкасындагы Ылы-суу мазарында ишембилик өткөрүлдү. Барыбызга белгилүү 2015 жылы районубузда суу жаан болгондугуна байланыштуу райондун борборунда, жамааттарда жана жамаатардын кээ бир участкаларында да суу жаандан үйлөр, жолдор жана чабынды жерлер жабыркаган болчу. Мына ошолордун ичинде Мадиян участкасында да суу жаандын коп жааганына байланыштуу Ылы-суу мазары жабыркаган болчу. Ылы-суу мазарын аз да болсо кепке келтирүү үчүн Г. Бердибаев жамаатынын жашоочулары кары жаш дебей ишембилик уюштурушуп мазарды жана жылгадан келген суунун нугундагы таштарды тазалап, мазарга жана мончого суу кирбеш үчүн суунун жээгин таш жана кум салынган чыпта менен дамба кылып тосуп чыгышты.

 

Бул ишембиликти өткөрүүдө Көнө-Коргон айылынын жашоочуларына ишембилик уюштургандыгына Мадиян жашоочулары ыраазычылыктарын бил- диришти. Мындан ары да Г. Бердибаев жамаатынын жашоочулары өз жерине көптөгөн жакшы иштерди алып барышаттар деп ишенебиз.

 

“САРЫКОЛ”-пресс