КЫЗЫЛ-КЫЯ: “МУРГАБ” коомдук бирикмеси кайрымдуулук иштерин жүргүзүүдө (видео)

КЫЗЫЛ-КЫЯ: “МУРГАБ” коомдук бирикмеси кайрымдуулук иштерин жүргүзүүдө (видео)

Өзүңүздөр билгендей бүгүнкү күндө коронавирус инфекциясы менен бүтүндөй дүйнө жүзү күрөшүп жатууда. Мындай учурда көптөгөн жердештерибиз үйүнөн ээн-эркин чыга албай, киреше таап тиричилик кылуу кыйын болуп жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөр чоң сыноого туш болду.

 

Жердештерибиз оор кырдаалды баштан өткөрүп жатканда Кызыл-Кыя шаарындагы этникалык кыргыздарынын Мамытов Ислам жетектеген “МУРГАБ” коомдук бирикмеси четте карап тура алган жок. “МУРГАБ” коомдук бирикмеси оор кырдалда 25-мартан бүгүнкү күнгө чейин жергиликтүү бийлик менен тыгыз иштеп келүүдө, аз камсыз болгон үй-бүлөөргө, жердештерибизге мерия тарабынан 18 үй-бүлөөгө, “МУРГАБ” коомдук бирикмеси тарабынан 8 үй-бүлөөго азык түлүк жеткирилди. бугун дагы Мургаб коомунун эсебинен 6уй булоого азык тулук жардам бердик. Мындан тышкары “МУРГАБ” коомдук бирикмеси көптөгөн иш чараларды уюштуруу үсүндө.

 

Сөзүбүздүн акырында “МУРГАБ” коомдук бирикмесине айрыкча көмөк көрсөткөн жердештерибиз Токторов Аман, Сатаров Манас жана Ноорузкулов Апызды белгилеп кетер элек. Агаларыбыз “МУРГАБ” коомдук бирикмесинин иштерине активтүү катышышып, көптөгөн жардамдарыны жана кеңештерини берип турууда.