Кыргызстанга 65 миңден ашуун этникалык кыргыз келгени белгилүү болду

Кыргызстанга 65 миңден ашуун этникалык кыргыз келгени белгилүү болду

Учурда 10 миңден ашуун адам кайрылман статусунда же такыр эле өздүк документи жок жүрөт.


Кыргызстан көз карандысыздыкты алган жылдан бери өлкөгө 65 миңден ашык этникалык кыргыз келди. Бул туурасында эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Нурдөөлөт Базарбаев парламентте билдирди.


Анын айтымында, бүгүнкү күндө көчүп келгендердин 55 миңи Кыргызстандын жарандыгын алган. Калган 10 миңден ашуун киши кайрылман статусунда же такыр эле өздүк документи жок жүрөт.


"Паспорту жок боордошторго жарандык берүү шарттарын жеңилдетели деп мыйзам жазып чыктык. Туугандарынан болобу же чет өлкөдөгү элчиликтерденби, "этникалык кыргыз" деген илинчек таап, комиссияга салып карайлы деген максатта ушул мыйзам долбоорун сунуштап жатабыз", — деди Базарбаев.