Кыргызстандын жарандыгын алууну кимдер каалайт?

Кыргызстандын жарандыгын алууну кимдер каалайт?

2016-2019-жылдары Кыргызстандын жарандыгын алуу боюнча жалпысынан 17 миңден ашуун арыз келип түшсө, документтин 80 пайызын этникалык кыргыздар даярдаган.

 

Акыркы төрт жылда 14 миң этникалык кыргыз Кыргызстандын жарандыгын алган. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.

 

Ага ылайык, 2016-2019-жылдары КРдин жарандыгын алуу боюнча жалпысынан 17 512 арыз келип түшкөн. Документ тапшыргандардын 80 пайызын, тагыраагы, 14 001ин этникалык кыргыздар түзгөн.

 

Этникалык кыргыздар көбүнчө Өзбекстандан (6791), Тажикстандан (6480) жана Кытайдан (137) кайтып келип, Жалал-Абад, Баткен, Чүй, Ош облустарына жана Бишкек шаарына жайгашканы маалым болду.