Кыргызстандын үч облусунда качкындарды кабыл алуу боюнча окутуулар башталды

Кыргызстандын үч облусунда качкындарды кабыл алуу боюнча окутуулар башталды

Кыргызстанда качкындарды кабыл алуу, жайгаштыруу жана ар тараптан колдоо боюнча Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутумунун атайын машыгуулары башталды.


Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Жаңы-Жер айылында, Баткен облусунун Лейлек районундагы Маргун айылында жана Ош облусунун Алай районундагы Бор-Дөбө айылында үч чатыр шаарчасы жайгаштырылып, ага 3000ден ашуун качкынды кабыл алуу боюнча тажрыйбалык иш-чаралар өткөрүлөт.


Окутуулар 19-20-ноябрда болот. Ага облус жетекчилери, мамлекеттик мекемелердин башчылары жана Жарандык коргонуу кызматтарынын өкүлдөрү катышууда.


Кыргызстан БУУнун Качкындардын макамы боюнча конвенциясына 1996-жылы кошулган.


Быйыл августта ошол учурдагы Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин качкындар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Жыпара Мамбетова "Азаттыкка" берген комментарийинде Тажикстандан кириши мүмкүндүгүн айткан. Анын белгилешинче, өлкө 1200гө жакын ооган кыргыздарын кабыл ала алат.


Быйыл августта Ооганстанда бийликти "Талибан" кыймылы (Кыргызстанда экстремисттик деп таанылган ) басып алган.


Ооганстандагы кырдаал курчуп кеткенден бери кыргыз бийлиги бир нече билдирүү жасады. Президенттик администрация мамлекет башчысы Садыр Жапаров "Ооган Ислам Республикасындагы кырдаалга туруктуу негизде тыкыр көз салып турат" деп маалымдаган.


Эгемендик жылдарында Кыргызстан 20 миңден ашык адамга качкын макамын берген. Алардын көбү этникалык кыргыздар. Алардын 10 миңге жакыны кийин кыргыз жарандыгын алса, 9 миңге жакыны тарыхый мекенине кайтып кетишкен. Ал эми Кыргызстан аркылуу үчүнчү өлкөлөргө 1500дөй качкын кеткен.