Кыргызстандагы турмушка нааразы болгондорду Памирге жолдомо менен жөнөтүш керек, - депутат

Кыргызстандагы турмушка нааразы болгондорду Памирге жолдомо менен жөнөтүш керек, - депутат

Кыргызстандагы жашоого нааразы болгон адамдарды жолдомо менен Памирге жөнөтүү керек. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Мирлан Бакиров парламенттин бүгүнкү жыйынында айтты.

 

«2013-2014-жылдары экспедициянын катарында, башында болуп, жеринен көрүп, кабар алып келгенбиз. Андан бери бир топ жыл өттү. Өкмөт, мамлекет тарабынан колго аларлык жылыш болуп жатат десек жаңылышпайм. Аз да болсо үй-бүлөлөр көчүрүлүп келип, жайгаштырылды», - деген депутат кыргыздар оор кырдаалда тургандарга колун сунган калк экенин кошумчалады.

 

«Ал жердеги жашоонун ордугу, кыйындыгы тарых барактарында, тарыхчылардын баяндамасында, жалпыга маалымдоо каражаттарында баяндалып жатат. Мен айтып кетет элем, Кыргызстандагы бүгүнкү реалдуу турмушка нааразы болгондор болсо, ошол жакка бир жумага жолдомо алып жөнөтүш керек. Кандай оор турмушту башынан кечирип жатканын реалдуу көзү менен көрүп, жон териси менен сезип, мүмкүн турмушка, башкага көз карашы өзгөрөт», - деди депутат.

 

Өкмөттүн парламенттеги өкүлү Алмаз Абытовго кайрылып, Памирден келип жашап жаткан этникалык кыргыздардын кийинки жашоосуна да камкордук көрүүгө чакырды.

 

«Турак жай куруп берүү боюнча маселе көтөрүлүп жатат, ооба жакшы. Андан кийинки жашоосу кандай болот? Өкмөт "Айыл Банк" жана башка банктар аркылуу болобу, күрөөсү жок насыя берип, мал-жандык менен камсыз кылууга программа түзсө. Бул дагы абдан жакшы түрткү болот»,- деди М.Бакиров.