Кыргызстанда жаңы визалар ишке кирет, этникалык кыргыздарга жеңилдиктер каралган

Кыргызстанда жаңы визалар ишке кирет, этникалык кыргыздарга жеңилдиктер каралган

Кыргызстанда этникалык жана башка өлкөнүн жарандыгын алган кыргызстандыктар үчүн жеңилдетилген визалар бериле баштайт.

 

Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Виза берүүнүн жаңы нускамасына кол койду.

 

15-январдан тарта күчүнө кирчү документке ылайык, этникалык кыргыздарга “Туугандар виза”, “Мекен виза” жана “Мейман виза” деген жаңы визалар бериле баштайт.

 

-- “Туугандар виза”- туугандар менен көрүшүүнү каалаган этникалык кыргыздарга бир жылдык виза берилет.

 

-- “Мекен виза”- Кыргызстанда төрөлгөн жана башка өлкөдө жашаган этникалык кыргызстандыктарга кайрылман макамын алуу үчүн бир жылдык мөөнөткө акысыз виза берилет.

 

-- “Мейман виза”- атайын чакыруунун негизинде Кыргызстанга келүүнү каалагандарга берилет. Мындан сырткары Кыргызстанга тоо туризмине кызыккан чет өлкөлүктөргө үч айлык мөөнөткө “тоо туризм визасы” бериле баштайт.

 

Мындай визаны алгандар өлкөгө бир нече жолу кирип чыгууга мүмкүнчүлүк алат.

 

Өкмөт мындай жол менен Кыргызстанга келе турган туристтердин санын көбөйтүүнү максат кылууда.

 

Булак: Азаттык басылмасы.

Дополнительная информация

Источник:
https://oshtv.kg/