Кыргызстан менен Афганистан Памир кыргыздарынын жашоосун жакшыртарын айтты

Кыргызстан менен Афганистан Памир кыргыздарынын жашоосун жакшыртарын айтты

Кыргызстандын билим берүү мекемелеринде афганистандык кыргыз балдарды окутуу жаатында биргелешкен аракеттерди көрүү тууралуу да сүйлөшүлгөн.

 

Кыргызстан менен Афганистан Памирдеги кыргыздардын жашоосун жакшыртуу боюнча биргелешип иштөөгө макулдашышты. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы кабарлады.

 

Тышкы иштер министрлери Руслан Казакбаев менен Мохаммад Ханиф Атмар видео аркылуу сүйлөшүшкөн.

 

Тараптар соода-экономикалык, энергетикалык жана транспорттук чөйрөлөрдө кыргыз-афган кызматташтыгынын деңгээлин жогорулатуу зарылдыгын белгилешкен.

 

"Афганистандагы кыргыздардын абалы боюнча тараптар инфраструктуралык жана социалдык долбоорлорду ишке ашыруу, Улуу жана Кичи Памирдеги этникалык кыргыздардын жашаган жерлерине мектеп, жол жана ооруканаларды куруу зарылдыгын белгилешкен. Ошондой эле Кыргызстандын билим берүү мекемелеринде афганистандык кыргыз балдарды окутуу жаатында биргелешкен аракеттерди көрүү тууралуу макулдашышты", — деп айтылат маалыматта.

 

ТИМ башчысы Руслан Казакбаев кесиптешине ушул жылдын 30-мартында Душанбе шаарында өтө турган Афганистан боюнча "Азия жүрөгү" Стамбул процессинин министрлер конференциясына катышууга чакыргандыгы үчүн ыраазычылык билдирген.