Кыргыз жарандары Тажикстандан чыгарылды

Кыргыз жарандары Тажикстандан чыгарылды

Кыргызстандын Чек ара кызматы 50 кыргыз жараны Тажикстандан чыгарылганын ырастады. Тажикстанда жашаган жарандар "Карамык" жана "Бордөбө" бекеттеринен өтүп келишкен. ТИМ жарандар себепсиз чыгарылды деген негизде коңшу өлкөнүн элчилигине нааразылык нотасын тапшырды. Дүйшөмбү азырынча маалымат бере элек.


Тажикстан кыргызстандык жарандарды себебин эч түшүндүрбөй туруп чыгарганын "Азаттык" радиосуна Кыргызстандын Чек ара кызматынын расмий өкүлү Гүлмира Бөрүбаева билдирди.


Анын айтымында, 2-январда кыргыз-тажик чек арасындагы "Карамык" өткөрмө бекети аркылуу 47 кыргыз жараны өтүп келген. Алар Тажикстандын Жерге-Тал районунда туулуп-өскөндөр. Үй-бүлө мүчөлөрү тажик жарандары жана алар Тажикстанда жашашат. 4-январда Кыргызстандын дагы үч жараны Тажикстандан чыгарылып, "Карамык" жана "Бордөбө" бекеттери аркылуу өтүшкөн.


"Кыргызстандын жарандары Тажикстандын Лахш (Жерге-Тал), Мургаб жана Тоолуу Бадахшан автоном облусунда мыйзамдуу негизде жашап жатышкан жана жашаган жеринде убактылуу каттоодо турушкан. Бирок 2-январда жана 4-январда тажик бийлиги себебин түшүндүрбөстөн жана туугандары менен коштошууга уруксат бербестен, 24 саат ичинде Кыргызстандын 50 жаранын Тажикстандан чыгарып жиберди", - деди Бөрүбаева.


Тажик жарандыгынан чыгып, кыргыз жарандыгын алган этникалык кыргыздарды атайын күчтөрдүн коштоосунда автобус менен чыгаруу учурунда аялдарга жана кары-картаңдарга күч колдонулганын, телефонундагы видео-сүрөттөр өчүрүлгөнүн, эгер кайтып бара турган болсо жоопко тартылары эскертилгенин "Азаттыкка" 4-январда жеке булактар кабарлаган.


Тажикстандан кайтып келгендер менен байланышууга мүмкүн болгон жок. Алар Тажикстанда калган туугандарынын коопсуздугуна байланыштуу сүйлөп берүүдөн баш тартышты.


Тажикстандын расмий органдары азырынча маалымат бере элек. Тажикстан менен Орусиянын ортосунда гана кош жарандык жөнүндө макулдашуу бар. Башка мамлекеттин жарандыгын алгандар тажик паспортунан баш тартууга тийиш.


Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Абдывахап Нурбаев дипломатияда бардык эле жагдайлар ачыкка чыга бербесин эске салды. Ошого карабай кыргыз бийлиги сүйлөшүү, диалог аркылуу өз жарандарынын укугун коргоп турушу керек деп эсептейт.


"Биз бири-бирибиз менен тирешип Кыргызстан дагы, Тажикстан тарап дагы эч бир жакшылыкка жетпейбиз. Биз кошуна элбиз, Жараткан ошентип жаратыптыр. Эң биринчи кошуна менен жакшы бол дейт эмеспи, алар менен жакшы болуп, стабилдүүлүк болуп турса инвестиция дагы келет, башка дагы болот. Ошондуктан бардык нерсени сүйлөшүү, диалог жолу менен чечкенге аракет кылышыбыз керек. Өзүнүн рычагдарын колдонуп Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги сүйлөшүү жүргүзүшү керек. Дипломатияда бардык нерсе ачыкка чыга бербейт. Бирок тынбай сүйлөшүп, ушундай окуяларга реакция кылып, биздин жарандардын укуктарын коргоп, талап кылып туруш керек", - деди Нурбаев.


Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) 3-январда Тажикстандын Кыргызстандагы элчилигине жарандардын чыгарылышына нааразылык иретинде нота тапшырганы маалым болду.


2018-жылы Дүйшөмбү менен Бишкек ратификациялаган макулдашууга ылайык, эки өлкөнүн жарандары бири-биринин аймагында 60 күн каттоосуз жүрө алышат. Тажикстанда 60 күндөн көп жүрө тургандар жергиликтүү бийликке кайрылып, мыйзамдуу негизде узартып алышчу. Андыктан буга чейин маселе жаралган эмес.


Тажикстандын Жерге-Тал районунда жашаган кыргыздар Кыргызстандан барган туугандарына жергиликтүү бийлик тажик жарандыгын алууну сунуштап жатканын айтып даттанышкан. Жерге-Талдын акими бул маалыматты төгүндөгөн болчу.


Тажикстандан көчүп келип, учурда Кыргызстандан орун-очок алган журналист Абдил-Ахат Курбанов эки элдин ортосундагы жаңжал же талаш жаралган учурда элдик дипломаттарды пайдаланууну сунуштоодо.


"Чек ара маселеси абдан татаал. Элдик дипломатия деген бар. Кыяматка чейин эле чек арада жашагандардын канын төгүп жүрө беребизби. Ошол жерде эки элдин аксакалдары, ата-апалар бар. Ушулар кетмендерин жанына коюп чогуу чай ичишкен, пахта, тамеки өстүрүшкөн. Ушуларды сүйлөшүүгө кошуш керек. "Ал минтти эле, мен минттим" деп "битке өчөшүп көйнөгүн отко ыргыткан" болбойт. Кыргыз эли дагы, тажик эли дагы улуу эл. Болбогон иштен бири-бирибизди жек көргөнүбүз болбойт. Менин бир тууган эжемдин күйөөсү тажик. Агамдын аялы Айымпаша жеңем таптаза тажиктин кызы. Азыр Тажикстанда турушат. Ынтымактуу үй-бүлөлөр. Эжемдин балдары мага, апасына кыргызча, атасына тажикче сүйлөшөт", - деди Курбанов.


2021-жылдын жазында кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу жаңжалдан кийин Тажикстандан көчүп келген этникалык кыргыздардын катары көбөйгөнү байкалды.


Расмий маалыматка ылайык, Баткен облусуна Тажикстандан көчүп келген этникалык кыргыздардын жалпы саны 800дөн ашуун. Алардын 452си жарандык алуу үчүн арыз менен кайрылган, 38и Кыргызстандын жарандыгын алган. Ошол эле маалда Кыргызстандан коңшу өлкөгө канча адам көчүп кеткени тууралуу маалымат жок.


Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда чек аранын тактала электигине байланыштуу жаңжалдар бат-бат катталып турат. Акыркы жолу 2021-жылдын 28-апрелинен 1-майына чейин уланган куралдуу жаңжалда Кыргызстан тараптан 36 киши курман болгон, анын экөө бала. 180ден ашуун киши жараат алган. Тажикстан тараптан 19 киши өлүп, 87 киши жарадар болгону расмий кабарланган.


Ушундан кийин Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасы жабылган. Кээ бир катмардагы жарандар үчүн гана чек ара өткөрмө бекеттери аркылуу эки тараптын макулдашуусу менен октябрда ары-бери каттоого уруксат берилген. Кыргызстан кимдер өтө аларын көргөзгөн атайын тизмеде этникалык кыргыздар үчүн да пункт бар.


Акыркы эки-үч ай аралыгында эки тараптын күч кызматтары бири-биринин жарандарын чек арадан "мыйзамсыз кесип өттү" деген күнөө менен кармап, кайра алмашкан учурлар катталган.


Тажикстанда туулуп-өсүп, ошол өлкөнүн жарандыгын алып, кийин "Кайрылман" программасы аркылуу Кыргызстанга 30-35 миңдей этностук кыргыз көчүп келген. Алардын көбү кыргыз жарандыгын алып, тажик паспортун тапшырып берген.