Кыргыз-тажик чек арасы боюнча сүйлөшүү аяктады

Бишкекте кыргыз-тажик өкмөт өкүлдөрүнүн чек арадагы жаңжал боюнча сүйлөшүүсү аяктады. Бул тууралуу “Азаттыкка” вице-премьер-министр Токон Мамытов кабарлады. Мамытовдун айтымында, эки күнгө созулган сүйлөшүүдө буга чейинки 30-31-январдагы жолугушууда кабыл алынган протоколдун аткарылышы талкууланды. Жыйынтыкта, эки өлкө чек арасындагы абалды биргеликте кайтарууну улантуу чечими кабыл алынды.

 

Мамытов кошумчалагандай, жолугушуу жүрүшүндө кыргыз-тажик чек арасындагы өткөрмө бекеттерди ачуу боюнча маселе каралган жок. Эки тарап кийинки жолугушууну жакынкы бир ай ичинде Тажикстандын Дүйшөмбү шаарында өткөрүүгө макулдашты.

 

Кыргыз-тажик чек арасы 11-январда болгон эки өлкө чек арачыларынын ортосундагы атышуудан соң жабылган. Анда беш кыргызстандык жоокер, бир милиция кызматкери жараат алган. Тажикстандын үч чек арачысы да жарадар болгону кабарлаган. Бул чатактын чыгышына эки өлкө бири-бирин айыптап келет.