Кыргыз-тажик чек ара өткөрмө бекеттери толук ачылды

Бул тууралуу “Азаттыка” өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Учурда Тажикстан менен чектешкен чек ара бекеттеринде жөө каттоого толук уруксат берилип, автоунаа эки тараптык келишим боюнча өткөрүлүп жатат.

 

31-мартта тажик тараптын өтүнүчү менен Алай районундагы “Карамык”, “Бордөбө” чек ара көзөмөлдөп өткөрүү бекеттери толугу менен ачылган. Ал эми Баткен облус аймагындагы “Кулунду”, “Кайрагач” чек ара өткөрмө бекеттеринда чек аралаш аймактардын атуулдары үчүн жөө каттамга уруксат берилген болчу.