Кыргыз бийлиги тажикстандык студенттер үчүн чек араны ачты

Кыргыз бийлиги тажикстандык студенттер үчүн чек араны ачты

Мындай чечим өлкөнүн айрым министрликтеринин, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине караган Чек ара кызматынын макулдугу менен кабыл алынган.


Кыргыз бийлиги өлкөнүн билим берүү уюмдарында окуп, иштеп жаткан Тажикстандын жарандарынын өлкө аймагына кирүүсүнө уруксат берди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.


Тажикстандыктардын билим берүү процессине катышуусуна уруксат берүү чечими Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлигинин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине, Чек ара кызматына алдын ала берген сурамы боюнча кабыл алынган.


Буга чейин өлкөнүн Билим берүү жана илим министрлиги Тажикстандын жогоруда айтылган жарандарынын эки өлкөнүн чек арасын кесип өтүү үчүн шарттарды түзүүгө багытталган буйрук долбоорун Кыргызстандын компетенттүү органдары менен макулдашуу боюнча мыйзам долбоорун киргизген. Анда КР мектептеринде окуган тажикстандык окуучулар, студенттер жана окутуучулар, ошондой эле этникалык кыргыздар тууралуу маселе камтылган.