Кочкор районуна Кичи Памирден 2 үй-бүлө көчүп келди. Бул тууралуу Тurmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.
Маалым болгондой, жаңы келген 9 адамды райондун акими Нурлан Керимкулов, Кочкор райондук соцжардам бөлүмүнүн башчысы Баатырбек Абдымамытов баш болгон өкүлдөр менен жергиликтүү тургундар Нарын шаарынан нан, туз менен тосуп алышты.
Аларга оюн-зоок тартууланып, ысык тамак берилип, Кара-Тоо айылындагы №15 кесиптик лицейинин жатаканасына жайгаштырылды.