Өкмөт Тажикстанда турган этникалык кыргыздарды кабыл алууга камданып жатат

Өкмөт Тажикстанда турган этникалык кыргыздарды кабыл алууга камданып жатат

Өкмөт Афганистандан качып чыгып, Тажикстанда убактылуу кармалып турган этникалык кыргыздар боюнча маселени карады. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматынан билдиришти.


Төраганын орун басары Жылдыз Бакашова өткөргөн жыйында сөз болуп жаткан кичи памирлик кыргыздар тууралуу Тышкы иштер министрлигинин, Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана УКМКнын маалыматтары айтылды.


"Кыргызстан этникалык кыргыздарды кабыл алууга даяр. Ушул тапта ТИМ Тажикстан өкмөтү жана БУУнун качкындар боюнча жогорку комиссарынын башкармалыгы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Башка ведомстволорго эгер кандаштар алып келинип калса, тосуп алып жайгаштыруу жана жардам көрсөтүү маселелерин иштеп чыгуу тапшырмасы берилди", — деп айтылат билдирүүдө.


Ал эми ТИМге аларга ушул тапта "Чек арасыз дарыгерлер" (MSF) уюму аркылуу медициналык жардам көрсөтүү боюнча талап коюлду.