Кийик түнөк Памирдин улар таңшык акыны

Кийик түнөк Памирдин улар таңшык акыны

Өскөнбай Бердибаев Памирде, Сары-Кол жергесинде туулуп өскөн туңгуч акын. Анын "Памир, Алай берметтери" деген жаңы китебин окуп олтуруп, мен өзүмдү кайрадан аскасы асман тиреген улуу тоолордун арасында жүргөндөй элестеттим. Буга чейин Памир, Мургабдык кыргыздар жөнүндө Кыргызстандан барып иштеп келген белгилүү акын-жазуучулар Мурза Гапаров, Эрнис Турсунов, Анатай Өмүрканов, Өмүрбек Тиллебаевдер чыгарма жазып келишсе, бул ирет дал ошол улар сайраган Памир тоолорунун койнунда төрөлүп, эр жеткен жаш акын Өскөнбай Бердибаев ыр, дастан, поэмаларын жазып окурман журтуна тартуулап олтурат.


Өскөнбай менен Фейсбук аркылуу тааныштым. Мындан үч-төрт жыл башта анын ар кайсы темада жазылган бир нече ырларын окуп калдым. Анан "Өскөнбай, сен өзүң жакшы билген Памир тоолору, жер-суулардын аталышы, эл арасында айтылып жүргөн уламыш, дастандар жөнүнүдө ыр жаз" деп кеңешимди айттым. Өскөнбай менин ошол сөзүмдү дароо кулагына куюп, жүрөгүнө түйүп алган экен. Ага "Памир, Алай берметтери" деген жаңы китебине кирген чыгармаларынан улам ынанып турам.


Бир жолу улуттук университетте өтүп жаткан поэзия кечемде студент кыз "Байке Памир жөнүдө жазылгын ырларыңаздан дагы окуп бериңиз. Биз алардын турмушу менен кененирээк таанышкыбыз келет" деп сурап калды. Ошондо мен "Памир тууралуу бир топ ырларды жаздым. Буюрса, дагы жазам. Бирок, Памирди толук сүрөттөп бериш үчүн ошол жерде жашаган элдин арасынан бир акын-жазуучу чыкса жакшы болмок. Балким, келечекте чыгып калаар" деп жооп берген элем. Менин ошол тилегим Кудайдын кулагына жеткен экен. Мына бүгүн Памирден Өскөнбай акын чыгып олтурат. Бул өтө символикалуу көрүнүш.


Өскөнбай Бердибаевдин жаңы китебине көөнө кылымдардан бери Мургабдык кыргыздардын арасында оозеки жашап келаткан уламыш, дастандар, ырлар, жер-суу аттары тууралуу көркөмдүгү жетик, жазуу стили тетик чыгармалары кириптир. Акын-өзгөчө кубулуш. Ал өзү туулуп өскөн элдин каада-салтынан, каалоо-тилегинен, ошол жердин суу, аба, табият синтезинен жаралат. Өскөнбай бүткүл турпаты менен Памирдин акыны. Ал өзү туулуп өскөн жери жөнүндө "Биз кыргыздар" деген ырында таамай чагылдырат:


Алыска аалам кезип чагылдык биз,

Кыр-кырда кызыл гүлдөй ачылдык биз.

Тарыхка өлбөс-өчпөс из калтырып,

Таш тоого тамга болуп басылдык биз.


Асманда жанган сымал чолпон жылдыз,

Алыста ак калпакчан тоолук кыргыз.

Сапарлаш өмүр жолу кайберенге,

Кыйырга чыйыр салган ошол биз-биз.

Паанектеп Памир тоону мекендеген,

Ак калпак улуу кыргыз ошол биз-биз.


Ал эми "Биз тоолуктар" деген ырында тууган жер темасын дагы да тереңдете берет:


Үркүтпөй кайберенди бийик жерде,

Бүркүттөй уя салдык бийиктерге.

Тоолордо тонгоз муздун даамын татып,

Түнөктөш, жолдош болдук кийиктерге.


Өскөнбай Бердибаевдин китептеги "Сары-Кол дастаны" деп аталган ыры-бул Памир тууралуу тартылган эң сонун картина, көркөм тасма. Андагы жер-суу аттары география коомунда иштегендерди жумушсуз калтырчудай экен. Азамат Өскөнбай!


Мадиян, Пышарт, Кара-Көл,

Ак-балык мөлтүр таза көл.

Балыгы көп Булуң-Көл,

Байыркы Зор-Көл, Казан-Көл,

Шаймактын шибер тулаңы,

Бахпурдун кайнайт булагы.

Байыртан кыргыз мекендеп,

Байырлап келген турагы.


Ал эми Өскөнбай жазган Памирдик кыргыздардын күнүмдүк турмушунда колдонулган сөздөрү боюнча атайын илимий иш жазса болот. Бул келечектин иши. Мургабда мугалим болуп иштеп жүргөн жылдарымда Өскөнбайдын атасы Чөжө акени да көрүп, сүйлөшүп, бир дасторкондо даам татып калдым. Чөжө акенин аты чөжө болгону менен өзү алп көкүрөк, эки ийнине эки бүркүт кончудай, колдору күрөктөй, зор денелүү дөө киши эле. Ошол великандан Өскөнбай аттуу акын жаралып, Памирди даңтап ыр жазып жатканы өтө кубанычтуу.


Кыргыз адабиятына биринчи жолу улуу Памирден чыккан акын келип олтурат. Ырдын жолу Памирдин жолдорундай татаал, ашуусу муз, даваны бийик. Өскөнбай акын, Памир акын, адабияттагы кадамың ак жолтой болсун!