Кичи памирликтер Ажыбото Абдылганини хан шайлашты

Кичи памирликтер Ажыбото Абдылганини хан шайлашты

25-июлда Кичи Памирдеги кыргыздар жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү менен бирге 44 жаштагы Ажыбото Абдылганини башчы кылып шайлаганын “Азаттыкка” жергиликтүү тургун Абдулвахит Жээнбек билдирди.

 

Бир нече апта мурда 400дөй түтүндү башкарган Эраалы хан каза тапкан эле. Башчыны шайлоого Ооганстандын жергиликтүү расмий бийлиги да катышты.

 

Ажыбото Абдылганинин жардамчысы болуп Молдо Абдулхак дайындалганы кабарланды.

 

XX кылымдын экинчи жарымындагы ооган кыргыздарынын ханы Рахманкул Советтер Биримдиги Ооганстанга кол салгандан кийин өз калкынын бир бөлүгүн Пакистанга Гилгит өрөөнүнө көчүрүп, андан соң алардын көпчүлүгү БУУнун көмөгү менен Түркиянын Ван көлүнүн аймагына Рахманкул хан менен кошо журт которгон.

 

Ооганстанда калган-каткан кыргыздар өз ханын шайлап келишет.