Карантинде Оогандан келген кыргыздар кантти?

Карантинде Оогандан келген кыргыздар кантти?

Оогандан көчүп келип, Алайдын Сары-Могол айылында жашап жаткан боордоштор Өзгөчө кырдаал учурунда эстен чыгып калган жок. Аларга азыр-түлүк жактан колдоолор тынбай көрсөтүлүп жатат. Өз кезегинде алар да карантиндик талаптарды сакташып, аралыктан билим алууну улантышууда.

 

Карантин шартында алар да смартфон аркылуу аралыктан билим алышууда. Алды сүйлөмдөрдү кошуп окуп калышкан.

 

Эки уулдун апасы Амина Абдикарим кызы балдарынын билимдүү болуп, ийгилике жетишин самап, Кыргызстанга келүүгө макул болгон. Азыр мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, ар бир сабакты үзгүлтүккө учуратпоого аракет кылып жатышат. Алар көчүп келгенден кийин ушул жылдын башында эле, жаш-кары дебей, 1-класстын программасы менен окуй башташкан.

 

Билим алуу жакшы болуп жатканын айткан Ооганбек Мамазаит уулу, эми үй-жай куруп берип, чарбанын түптөлүшүнө шарт түзгөнгө жардам кылышса, андан аркысын өзүбүз алып кетмекпиз дейт.

 

karantinde-oogandan-kelgen-kyrgyzdar-kantti 2 karantinde-oogandan-kelgen-kyrgyzdar-kantti 3

 

Карантин шартында да боордошторубуз жергиликтүү бийликтин көңүл чордонунда экенин Сары-Могол айылынын өкмөт башчысы Рахматилла Саитов билдирди. Анын айтымында, Алай райондук администрациясынын резервдик фонунан каражат бөлүнүп, азык-түлүктөр берилди.

 

Ал арада боордошторду окутушкан мугалимдер, апрелди кошкондо 4 айдан берки айлык акысын ала албай жатышкандыктарын билдиришти. Буга Алай райондук Билим берүү башкармалыгынын башчысы Мамашарип Мусаев 2 эле айлык маянаны ала электигин айтып, жакынкы 10 күндө төлөнө турганын айтты.

 

Эскерте кетсек, Оогандагы кыргыздардан 50 адам Кыргызстанга былтыры декабрда көчүп келген. Аларды Алай районунун Сары-Могол айылынагы мектепке жайгаштырышкан. Эми боордоштого айыл түптөө үчүн 1,5 гектар жер берилип, үй салууга Республикалык бюджеттен 10 млн сом бөлүнгөн.

 

Ал эми 2017-жылы Ооганстандан Нарынга 50 памирлик кыргыз келип, жатканаларга жайгаштырылган. Учурда 11 түтүн Нарында жашайт. Алардын турак жай маселелери чечиле элек. Былтыр 18и Ооганстанга кетип, бирөө кайра кайтып келген.