Караколдо «Оймо — кыш 2020» фестивалы өтүп жатат (сүрөт)

Каракол шаарында «Оймо — кыш 2020» фестивалы өтүп жатат, деп билдирди аймактык кабарчы. Фестивалга этникалык кыргыздар, Букарадан жана өлкөнүн булуң-бурчунан келген чеберлер катышууда.

 

«Караколдо ар улуттун өкүлдөрү жашагандыктан фестивалда биринчи дунган улутунун кол өнөрчүлүгү көрсөтүлдү. Ошондой эле бири-бирибиз менен тажрыйба алмашып жатабыз. Памирлик кыргыздар терини эң мыкты иштетет экен. Алардын ыкмасын өздөштүрүүгө аракет кылып жатабыз», - дейт кол өнөрчү Дамира Абдыбекова.

 

Уюштуруучулардын айтымында, фестиваль Ысык-Көл облусунда туризмди өнүктүрүү, туристтик бизнестин бир тармагы болгон кол өнөрчүлүктү жайылтуу, чеберлер жасаган буюмдарды базарга алып чыгуу, маданий мурастарды сактоо жана маданий туризмди өнүктүрүү максатында уюштурулду.

 

Фестивалдын алкагында «Салттуу кол өнөрчүлүктү Кыргызстандын туристтик индустриясынын бөлүгү катары базарга чыгаруу» деген темада тегерек стол болду. Анда кол өнөрчүлүктүн жашоону жакшыртууга, миграцияны азайтууга, кирешени жогорулатууга тийгизген таасири жана аны экономикалык сектор катары өнүктүрүүнүн жолдору талкууланды. Фестиваль 12-январга чейин уланат.