КАРА-БАЛТА: Акын Өскөнбай Бердибаевдин поэзия кечеси

Сарыколдун уулу, акын Өскөнбай Бердибаевдин бүгүн 5-сентябрь күнү Кара-Балта шаарында поэзия кечеси болуп өттү. Өскөнбай иним эл оозуна алынып келечекте белгилүү поэзия чебери болот деген ишенимде үмүтүбүз чоң. Акын инибизге аксакалдар батасын берип, кээ бир ыр күйөрмандары арноо ырларын окуп беришти.

 

Өскөнбай акын инибиз өзүнүн келечектеги максаттары менен бөлүштү, "Тил жана Маданият" - гезитине жазылууга жана Сары-Кол элинин маданиятын, салт, үрп-адаттарын жарыялап турууну сунуштады.

 

Өскөн иним өркүндөсүн өнөрүң,

Суудан, таштан болгон болсун өмүрүң.

Калемиңди шилтей бергин талыкпай,

Ай, ааламга жылдыз болуп көрүнгүн.

Даңктап жазгын, мактап жазгын элиңди,

Сарыколдун, тоосун, суусун жериңди.

Жаза бергин ырларыңды талыкпай,

Элиң үчүн бекем буугун белиңди.

 

 1
 2  3
 4  5