Этникалык кыргыздарга бөлүнгөн квоталардын алкагында КР ЖОЖ документтерди кабыл алуу башталды

Этникалык кыргыздарга бөлүнгөн квоталардын алкагында КР ЖОЖ документтерди кабыл алуу башталды

Бөлүнгөн квоталардын алкагында КР Жогорку окуу жайларына тапшыруу үчүн документтерди кабыл алуу 2022-жылдын 27-июлунан тартып төмөндөгү онлайн-системасы аркылуу жүргүзүлөт http://student.edu.gov.kg/, бөлүм "Тажикстан Республикасы.


Чет өлкөлөрдө жашаган этникалык кыргыздарды 2022-2023-окуу жылына карата Кыргыз Республикасынын Жогорку окуу жайларына кабыл алуу."- > , зарыл болгон бөлүмдөрүн толтуруу, ошондой эле 2022-жылдын 19-августунун саат 23:59 чейин бардык талап кылынган документтерди жүктөө зарыл.


Керектүү документтер:

1. Орус же Кыргыз тилине которулган паспорттун же туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн (паспорт жок болгон учурда) нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;

2. Билими тууралуу документтин көчүрмөсү (аттестат же диплом), тиркемелери менен орус же Кыргыз тилине которулган, нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн;

3. Үй-бүлөнүн курамы жөнүндө маалымкат;

4. Талапкерлердин академиялык чөйрөдөгү жетишкендиктерин тастыктаган сертификаттар, грамоталар, дипломдор (бар болсо);

5. 086-у медициналык маалым каты;

6. ВИЧ/СПИД жоктугу тууралуу маалым кат;

7. Сүрөт.

 

etnikalyk-kyrgyzdarga-b-l-ng-n-kvotalardyn-alkagynda-kr-zhozh-dokumentterdi-kabyl-aluu-bashtaldy 2