Этникалык кыргыздардын жарандык алуудагы көйгөйлөрү талкууланды

Этникалык кыргыздардын жарандык алуудагы көйгөйлөрү талкууланды

Бүгүн, 27-мартта Жалал-Абад шаардык мэриясынын жыйындар залында этникалык кыргыздардын жарандык алуудагы көйгөйлөрү талкууланды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.


Ага өлкөнүн акыйкатчы аппаратынын өкүлдөрү: тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери: аймактык башкармалыктардын башчылары, Жалал-Абад шаарында жана Сузак районунда жашаган этникалык кыргыздар катышты.


Жыйындын жүрүшүндө этникалык кыргыздардын көпчүлүгүнүн тиешелүү документтеринин жоктугунан жарандык алууда кыйынчылыктар жаралып жаткандыгы айтылып: жарандыгы жоктугунан пенсия, жөлөк пул, туулгандыгы тууралуу күбөлүк, медициналык жардам жана турак жай алууда да көйгөйлөр жаралып жаткандыгы белгиленди.


Белгилей кетсек, президенттин жарлыгына ылайык, этностук кыргыздардын жана кыргыз улутундагы жарандыгы жок жарандар үчүн жөнөкөйлөштүрүлгөн жарандыгы жөнүндө убактылуу жарлыгы чыккан.