Этникалык кыргыздар жарандык алуудагы кыйынчылыктарга туш болушканына нааразы

Этникалык кыргыздар жарандык алуудагы кыйынчылыктарга туш болушканына нааразы

Жарандыгын ырастоочу документтерди алууда кыйынчылыктарга туш болушкан этникалык кыргыздар акыйкатчынын кабыл алуусунда болушту. Алардын арыздарынын негизинде тиешелүү мекемеге кайрылуу жөнөтүлгөнүн Акыйкатчы институтунан кабарлашат.


Кайрылгандардын арасында Өзбекстанда төрөлгөн этникалык кыргыз 1981-жылы туулган Б.А. 2020-жылы Кыргыз Республикасынын жарандыгын алган. Бирок дээрлик бир жылдан бери кыргыз паспортун ала албай келет. Ал паспортту ала албай жатканынын себебин Москва районунун ЗАГС жана паспорттоштуруу бөлүмүндө болуп жаткан ашыкча бюрократиядан көрөт.


Дагы бир этникалык кыргыз П.Р.нын маселеси башка мүнөздө. Ал Кыргыз Республикасынын жарандыгына документтерди тапшыра албай келет, анткени анын колунда ата-энесинин ажырашканы тууралуу күбөлүгү жок. Ата-энеси 1 жашында ажырашып кетишкен.


"Акыйкатчы менен жолуккандан кийин арыз ээлери арыздарын жазуу түрүндө калтырып кетишкен. Бул даттануулар боюнча акыйкатчы Токон Мамытов Чүй облусунун Москва районунун Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо жана паспорттоштуруу бөлүмүнүн башчысына тиешелүү кайрылуу жөнөттү.


Бул маселени чечүү Акыйкатчы институтунун Жарандык–саясий укуктарды, мигранттардын, чет элдик жарандардын жана аскер кызматчыларынын укуктарын коргоо боюнча бөлүмүнүн көзөмөлүндө", - дешти мекемеден.