Этникалык кыргыздар жарандык алуу үчүн президенттен мунапыс сурашууда

Этникалык кыргыздар жарандык алуу үчүн президенттен мунапыс сурашууда

Кандаштардын пикиринде, маселени чечүүнүн бир жолу — Кыргызстандын жарандыгын берүү үчүн убактылуу мунапыс берүү боюнча президенттин Жарлыгы чыгышы керек.

 

Мамлекеттик миграция кызматы өлкө аймагында мыйзамсыз жашаган этникалык кыргыздар менен кайрылмандарга Кыргызстандын жарандыгын берүү боюнча убактылуу мунапыс жарыялоо демилгесин президенттин аппаратынын деңгээлинде көтөрүүнү пландап жатканы маалымдалды.

 

Аталган кызматтан билдиришкендей, бүгүнкү күндө расмий эмес маалыматтар боюнча, Кыргызстанда 10 миңден ашык этникалык кыргыз мыйзамсыз негизде жашайт. Башкача айтканда, алардын тийиштүү документтери жок.

 

"Этникалык кыргыздар ижарага алган батирлерде жашагандыктан эч жерге каттоого турушкан эмес. Көптөрүнүн паспортунун мөөнөтү бүтүп калгандыктан өздүгүн тастыктаган документтери жок. Балдарына дагы туулгандыгы тууралуу күбөлүк берилбей калган. Мындан улам алар медициналык жардам, билим ала албай келишет. Керек болсо укуктарын дагы талаша алышпайт", — дешти Миграция кызматынан.

 

Бул көйгөйдү чечүүнү суранып этникалык кыргыздардын өкүлдөрү кат менен байма-бай кайрылып келишет. Алардын пикиринде, маселени чечүүнүн бир жолу — Кыргызстандын жарандыгын берүү үчүн убактылуу мунапыс берүү боюнча президенттин Жарлыгы чыгышы керек.

 

Миграция кызматынын жетекчисинин орун басары Самат Токтоболотов маселе президенттин аппаратынын деңгээлинде көтөрүлөрүн айткан.