Этникалык кыргыздар туш болгон көйгөйлөр талкууланды

Этникалык кыргыздар туш болгон көйгөйлөр талкууланды

Бүгүн, 28-ноябрда Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев чет өлкөлөрдөн көчүп келген этникалык кыргыздардын ассоциацияларынын, бирикмелеринин жана кайрымдуулук фонддорунун өкүлдөрүн кабыл алды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка караганда, жолугушууда этникалык кыргыздарга тиешелүү көйгөйлөр көтөрүлүп, аны чечүү жолдору талкууланды. Нурланбек Азыгалиев бул жааттагы маселелер боюнча кеңири маалымат алып, жакындан көмөк көрсөтүү үчүн өзүнө «Мургаб ынтымагы» кайрымдуулук фондунун жетекчиси Асылбек Атабаевди коомдук жардамчы кылып дайындаган. Ага ылайык, Асылбек Атабаев аркылуу көптөгөн кайрылууларды кабыл алып, аларды чечүү боюнча алгылыктуу аракеттерди көрүп келет.


Бүгүнкү жолугушууда бир катар сунуш-пикирлер айтылган.


«Асылбек Атабаев Тажикстандагы ар кандай кысымдардан улам Кыргызстанга качып кирген адамдардын иши сотто каралып, аны кайра кайтаруу чечими чыгып жатканын белгиледи. Андыктан мындай учурларда качып кирген жарандын этникалык кыргыз экенин жана Тажикстандагы абалды эске алып, Кыргызстанда калуусуна жана документ алуусуна жеңилдиктер берилиши керектигин кошумчалады. Ушундай эле көйгөйлөргө токтолгон «Мургаб ынтымагы» кайрымдуулук фондунун мүчөсү Тотуя Кенжебаева тажик тилинен кыргыз тилине документтерди которууда тыбыштык айырмачылыктардан улам, документ алууда көйгөйлөр болуп жатканын маалымдады. Бул көрүнүш жарандыкка кабыл алуу тууралуу президенттин жарлыгынан кийин да көйгөй жаратат», — деп айтылат маалыматта.


Андан тышкары, «Кайрылман» макамын алууда белгиленген мөөнөт сакталбай, 7 айга чейин узарып кеткен учурлар бар экени айтылган. Муну менен катар жолугушууда этникалык кыргыздарга жер бөлүп берүү, социалдык жактан колдоо көрсөтүү маселеси да көтөрүлгөн. Берилген айрым суроолорго Жогорку Кеңештин аппаратынын өкүлдөрү жооп берген.


Төраганын орун басары Нурланбек Азыгалиев айтылган бардык маселенин чечилишин өз көзөмөлүнө аларын билдирген.


«Бардыгын мыйзам талаптарына ылайык карап, керек болсо тийиштүү мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүүбүз кажет. Биз биргелешип, маселелерди ыкчам чечүү аркылуу гана алдыга жыла алабыз. Кыргызстанга көчүп келген ар бир этникалык кыргыз жеңилдетилген түрдө документ алып, керектүү кепилдиктерге ээ болушу зарыл», – деди ал.


Ошондой эле, ал көтөрүлгөн көйгөйлөр боюнча Министрлер кабинети менен да сүйлөшүүлөрдү жүргүзөрүн кошумчалаган..