«Этникалык кыргыздар боюнча мыйзамдын аткарылуусунда бир топ мүчүлүшүктөр бар»

«Этникалык кыргыздар боюнча мыйзамдын аткарылуусунда бир топ мүчүлүшүктөр бар»

«Этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө» мыйзамдын аткарылуусун көзөмөлдөөнү күчөтүү зарыл. Бул тууралуу юрист Эржан Кайыпов «Маралга» берген маегинде билдирди.

 

Анын айтымында, тийиштүү мыйзамга ылайык этникалык кыргыздарга сөзсүз түрдө кайрылман макамын берүү зарыл. Ал социалдык жеңилдиктер, укуктар менен камсыз кылат.

 

Этникалык кыргыздар Кыргызстанга көчүп келген учурда атайын органдарга өтүнүч менен кайрылып, кайрылман макамына ээ болушат. Ал балдарын окутуу сыяктуу бир топ социалдык жеңилдиктерди камсыз кылат. Бирок иш жүзүндө бир топ мүчүлүштүктөр бар. Маселен, паспорт алган айрым кайрылмандын жашаган жери боюнча каттоосу жок. Бул да болсо адам укугун чектөөгө алып келет.

 

«Кайрылмандар башка кыргыз жарандарынын үйүнө катталууга аргасыз болушту. Пандемия учурунда Кыргызстан эл аралык жана улуттук милдеттенмелерин аткара алган жок. Жарандардын мүлктүк, социалдык, майыптуулугуна жараша адамдар медициналык тейлөөнү ала алышкан жок. Бирок өкмөт даяр экенин эскертип келген», — дейт юрист.

 

Ал белгилегендей, бийлик этникалык кыргыздарга жарандык берүү маселесинде эрктүүлүгүн көрсөтүшү зарыл. Коррупциялык жана бюрократиялык көрүнүштөрдү жоюу керек.

 

«Маселен, АКШда төрөлгөн адам дароо эле Американын жараны болуп эсептелет. Ал эми Кыргызстандын аймагында төрөлгөн этникалык кыргыз эмнеге жарандык албасын? Кыргызстан эл аралык институттар тарабынан да милдеттенмелерди алган», — дейт Кайыпов.

 

Мындан улам бала төрөлгөндө туулгандыгы тууралуу күбөлүк алуу үчүн ата-энесинин өздүгүн аныктаган документти талап кылууну алып жоюу керектигин, анткени ымыркайдын ата-энесинин паспортунун жоктугу анын бала эместигин ырастабай турганын кошумчалады.