Депутат тажикстандык кыргыздарга жардам берүүгө өкмөттү чакырды

Депутат тажикстандык кыргыздарга жардам берүүгө өкмөттү чакырды

Жогорку Кеңештин 28-майдагы сессиясында «Республика - Ата Журт» фракциясынын депутаты Экмат Байпакбаев коронавирус илдетине байланыштуу Тажикстандагы кыргыздар жардам сурап кайрылып жатканын билдирди.

 

Депутат өкмөттү, Тышкы иштер министрлигин дипломатиялык жолдорду колдонуу менен тажикстандык кыргыздарга гуманитардык жардам берүүгө чакырды.

 

COVID-19 дарты Тажикстандын кыргыздар байырлаган аймактарына жеткени, ал жактагы адамдар дары-дармек, тамак-аш, тазалык каражаттарына муктаж экени буга чейин айтылган.

 

Алардын үнүн Тажикстандан Кыргызстанга келип, отурукташып калган жарандар жеткиришкен. «Азаттык» алардын кайрылуусу боюнча Тышкы иштер министрлигине кайрылып, жооп ала алган эмес.

 

Расмий маалыматтарга караганда, Тажикстанда коронавируска чалдыккандар 3200дөн ашып кетти. Вирустан 50гө жакын киши кайтыш болду.

 

Тажикстандын Жерге-Тал районундагы калктын 70% кыргыздар. Ал эми Мургаб районунда жашаган кыргыз улутундагы жарандар андан көп.