Депутат этникалык кыргыздардын документ маселесинде өкмөттү күнөөлөдү

Депутат этникалык кыргыздардын документ маселесинде өкмөттү күнөөлөдү

Жогорку Кеңештин депутаты Чынара Урумкалиева «Маралга» берген маегинде 10 миңден ашык этникалык кыргыздын жарандык же кайрылман макамын ала албай жүргөн себебин түшүндүрдү.

 

Анын айтымында, жарандык же кайрылман макамын алуу үчүн паспорт (мөөнөтү өтүп кетпеши керек) же туулгандыгы тууралуу күбөлүк талап кылынат. Ал эми этникалык кыргыздар өздөрүнө кайрылман макамын же жарандык алса да, балдарынын документтери жок болгондуктан, аларга ала алышкан эмес.

 

Кайрылман кыргыздардын арасында макамын аныктай албай 30 жашка чыгып кеткендер бар. Натыйжада балдарын бала бакча, мектептерге алып бара албай, социалдык көйгөйлөр жаралууда. Бул маселе мамлекеттик деңгээлде чечилиши керек. Бирок таптакыр каралбай калган.

 

«Мен күнөөнү өкмөткө коём. Себеби жарандык жөнүндөгү мыйзамда мүчүлүштүктөр бар. Этникалык кыргыз жарандык алуу үчүн арыз тапшырган кезде кайрылман статусун ала албайт. Статусу жок болсо эч бир оорукана кабыл албайт», — дейт депутат.