Чоң жана Кичи Памирдеги этникалык кыргыздарга мектеп, оорукана куруу маселеси көтөрүлдү

Чоң жана Кичи Памирдеги этникалык кыргыздарга мектеп, оорукана куруу маселеси көтөрүлдү

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев 18-мартта Ооганстандын тышкы иштер министри Мухаммад Ханиф Атмар менен видео аркылуу байланышып, эки тараптуу кызматташтыкты талкуулады. Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, сүйлөшүү ооган тараптын демилгеси менен болду.

 

Тараптар бири-бирин Нооруз майрамы менен куттукташты.

 

Казакбаев Ооганстандагы демократиялык реформаларды жана сөз эркиндигин, аялдардын жана улуттук азчылыктардын укуктарын коргоодогу ийгиликтерди, ошондой эле алардын өлкөсүндө тынчтыкты орнотуу үчүн көрүлүп жаткан иш-аракеттерди колдой турганын айтты. Тараптар соода-экономикалык, энергетикалык жана транспорттук чөйрөлөрдө өз ара кызматташууну арттыруу зарылдыгын белгилешти.

 

Сүйлөшүүдө Ооганстандагы кыргыздардын абалы боюнча сөз козголуп, инфраструктуралык жана социалдык долбоорлорду ишке ашыруу керектиги айтылды.

 

Чоң жана Кичи Памирдеги этникалык кыргыздар жашаган жерлерге мектептерди, жолдорду жана ооруканаларды куруу зарылдыгы белгиленди.

 

Кыргызстандын билим берүү мекемелеринде ооганстандык этникалык кыргыздарды окутууну макулдашты.

 

Ооган тышкы иштер министри Казакбаевди быйыл 30-мартта Тажикстандын Дүйшөмбү шаарында өтө турган Ооганстан боюнча жыйынга чакырганы белгилүү болду.

 

Памир кыргыздары — 1575-1930-жылдар аралыгында Ооганстанга туруктуу жашоого кеткен кыргыздардын тукуму. Алар катаал, билим алуу менен ден соолукту чыңдоого шарт жок Чоң жана Кичи Памир тоолорун байырлайт.

 

2019-жылдын 23-декабрында 50 кишиден турган 11 памирлик үй-бүлө Алай районунун Сары-Могол айылына көчүрүлүп келген. 2017-жылы Нарынга 50 памирлик кыргыз келип, жатаканага жайгаштырылган. Кийинчерээк бир нечеси Ооганстанга кеткен бойдон кайтып келген эмес.(NT)