Быйыл жазда памирлик кыргыздар үчүн Чоң-Алайда үйлөр салына баштайт

Быйыл жазда памирлик кыргыздар үчүн Чоң-Алайда үйлөр салына баштайт

Памирден көчүрүлүп келе турган кыргыздар үчүн жаздын алды менен Чоң-Алай районунда дагы жаңы үйлөр салына баштайт. Ал үчүн 10 млн сомдук тендер өткөрүлгөн.


Бул тууралуу район акими Темирболот Абыкеев билдирди.


Ал кошумчалагандай, буга чейин 330 гектар жер трансформация болуп, айыл түшө турган жердин чектери менен көчөлөрү аныкталган жана генпландары чийилип, толугу менен бүткөрүлгөн.


"Памирлик кыргыздарды көчүрүп келүү боюнча Өкмөттүн атайын токтому чыккан. Ага ылайык, аларга жашай турган үй салуу иштери да пландалган 3 жылдык программага 67 млн сом каралган. Буга чейин биз жерин аныктап, үй салууга деп 10 млн сомдук тендер өткөрдүк. Буйруса жаз келээри менен курулуш иштерин баштайбыз", - деди Абыкеев.


Буга чейин кабарлангандай, памирлик кыргыздарга жалпысынан 95 турак үй курулат. Турак-жайлар Чоң-Алай районундагы Кашка-Суу айыл өкмөтөнүн Бурган-Суу айылынан атайын жер трансформацияланып, айылдын башкы планы даярдалган.


Кошумчалай кетсек, буга чейин мамлекет тарабынан райондун Талды-Суу айылына 11 үй курулуп, памирлик кыргыздарга бөлүп берилген жана алардын үй тиричилигине жана азык-түлүгүнө жардам көрсөтүлгөн. Бюджеттик каражаттардан тышкары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана демөөрчүлөр тарабынан каржылык жардам берилген.